Чек арадагы жаңжалдан улам 33 миңден ашуун адам көчүрүлгөн

Чек арадагы жаңжалдан улам 33 миң 338 адам көчүрүлгөн. Алар Баткен облусунун 7 айылынын тургундары. Тагыраагы ок атышуу орун алган аймактан Баткен районунун Ак-Сай, Актатыр, Карабак жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрининин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жалпы эвакуацияланган адамдардын ичинен чоңдору — 14 миңден ашуун, балдары — 19 миңден ашуун. Учурда аларга керектүү жардам жана колдоо көрсөтүлүп жатат.