Чек арадагы кырдаал. ИИМ жаракат алган кызматкерлердин абалы тууралуу үн катты

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында 16 милиция кызматкери ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Аларга бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

1-майга карата Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда ички иштер органдарынын 7 кызматкери дарыланууда. Улуттук хирургиялык борбордо 2 жарадар бар. Көзүнөн жаракат алган адам, көздүн микрохирургия бөлүмүндө даарыланууда. Калган жаракат алган милиция кызматкерлери аймактык ооруканаларда медициналык жардам алышат.

«ИИМдин дарыгерлери борбор калаанын медициналык мекемелеринде болушуп, медициналык камсыздоо, ал жерде түзүлгөн шарттар жана жаракат алган милиция кызматкерлеринин абалы менен таанышышты. ИИМдин медициналык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эрназаров жана жетекчиси Садыков. Куралдуу күчтөрдүн жана аскер кызматкерлеринин ден соолугу, абалы медициналык бөлүмдүн туруктуу көзөмөлүнө алынат, дарыгерлер ар дайым байланышта болот», — деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, чек арада болгон кагылышуу учурунда ИИМдин кызматкерлери жаракат алганы белгилүү болгон. Жабыркагандардын арасында “Головной” суу алуучу жайын кайтарган “Шер” атайын отрядынын жоокерлери болгон.