Чек арадагы ок атышуудан 27 жаштагы чек арачы каза болду

Чек арадагы ок атышуудан 27 жаштагы чек арачы каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 9-июлда билдиришти.

Тажик чек арачыларынан кыргыз чек арачыларына кол салуунун жыйынтыгында 1994-жылы туулган Чек ара кызматынан аскер кызматкери, сержант Хуснидин Хожиев каза болду. Анын өлүмүнүн жагдайлары такталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, тажик тараптан да каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

Ок атышуу болгон жерде Баткен облусу боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгынын началниги Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч түзүмдөрүнүн башчылары бар. Эки өлкөнүн чек ара боюнча өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүүнү улантып жатышат.