Чек арадагы ок атышуудан дагы үч жабырлануучу ооруканага жеткирилди

Түнкү саат 02:00дө Баткен облустук бириккен ооруканасына үч жабырлануучу тез жардам кызматы менен жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Диагнозу: экөөнүн денесинин ар кайсы жеринен майдаланган жарааттар, бирөө октон жаракат алган. Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда жана алар тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпысынан 7 жабырлануучу жаткырылган.