Тажикстандын кол салуусунда каза болгон аскердин сүйлөшкөн кызы Нарынга анын инисине жубай болду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев дем алыш күнү адаттагыдай Көк-Таш, Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барып коогалаңдан кийинки үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп келгенин жазып, бир окуя эсине түшкөнүн айтып берди.

«Бүгүнкү иш сапарымда бир окуя эсиме келди, бул боюнча өзүнчө кино тартса да, китеп жазса да болот. Алыстан келип Баткен жергесинде баатырларча кызмат өтөгөн чек арачы Жеңишбек Иманбек уулу тууралуу айта кетейин. Жеңишбек Иманбек уулу өзү Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасынан болот. Элде айтылгандай «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар» дегендей, бул нарындык эр жигитке чек араны коргоо зарыл болгондуктан, дал ушул алыскы Зардалы жергесине келип тоолуу, шарты катаал жерде кызмат өтөп баштайт. Кызмат учурунда Жеңишбек так ошол айылдан Элиза аттуу кыз менен таанышып калып, Женишбектин ата-энеси келип кызга сөйкө салып, ушул жылдын 15-октябрга үйлөнүү тоюн белгилешип кетишкен.

Бирок кызматтын зарылчылыгына байланыштуу Жеңишбекти Зардалыдан Ак-Сай жергесине жиберишет. Тилекке каршы, 14-17-сентябрдагы чек ара коогалаңында Жеңишбек Мекенди коргоодо курман болуп калат. Сөөгү өзү туулуп-өскөн жерине жөнөтүлүп, жерге берилген. Анын болочоктогу жубайы боло турган Элиза, ата-энеси жана айылдагы аксакалдар менен Нарынга барышып, дуба кылып кайталы деген учурда Элизаны Жеңишбектин бир тууган иниси жактырып калып, ата-энесине айтып, ошол эле жерде кудалашып, кызыбызды Миң-Куш жергесине калтырышып кайтышат. Буюрса, уулдуу болушса атын Жеңишбек коюуну чечишиптир. Жакында Миң-Куш жергесинен Жеңишбектин ата-энеси, жакын туугандары Баткен жерине келип Жеңишбек кызмат өтөгөн Зардалы айылына жана Ак-Сайдагы курман болгон жерине келишип, дуба кылып кетишти. Мен алардын келгендери боюнча угуп, кабыл алдым. Ата-энесине көңүл айтып, белегимди берип, эки жашка бакыт каалап узаттым», — деди ал.