Чек арадан жүк алып өтүү маселесин чечүүдө Кытай Кыргыз мамлекетине шарт койду

Кытай чек арадан алып өтүлгөн жүктү көбөйтүү үчүн өз талаптарын билдирди. “Ошол талаптар аткарылса, анда маселе да чечилет” деп Кытай тарап айтканын Бажы кызматынан маалымдашты. Коңшу өлкө автотранспорттун жана чиркегичтин санитардык-техникалык абалын көзөмөлдөө, ташуу үчүн бузук эски автоунааларга жол бербөө, жүктү чиркөөдө техникалык параметрлер дал келсин деген талаптарды койгон. Андан тышкары Кыргыз мамлекетинде кытай компанияларынын коопсуздугу камсыздалсын деген талап да кошулган.

Эки аптадан бери Кыргыз өлкөсүнүн Базарлар ассоциация чек арадагы көйгөй чечилсин деп келе жатат. Атүгүл бул аптада “Дордой” базарынын соодагерлер митингге чыгышкан болчу.