Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы абал боюнча бүгүн, 30-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, чек аралаш аймактарда айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда.
«Ок атышуунун кесепетинен азыркы учурга 134 адам жабыркап, 13 адам каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.
Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө.
Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куйуучу бекеттер бар», — деп айтылат маалыматта.