Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда “Кыргыз авто жол” мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымдык бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.