Чет элдик номур менен жүргөн унааларды каттоо эрежелери өзгөрдү

Чет элдик номур менен жүргөн унааларды каттоо эрежелери өзгөрдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев унааларды легалдаштыруунун убактылуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди:

• Чек арадан өткөнү тууралуу маалымдама талап кылынбайт

• СБКТС (коопсуздук тууралуу күбөлүк) жоюлду — эми техкароодон өтүп, коопсуздук боюнча корутунду алуу жетиштүү

Легалдаштыруу үчүн төлөм:

• 2000 см³ чейин — 50 000 сом,

• 2001 см³ жана андан жогору — 100 000 сом.

1-апрелден 1-октябрга чейин чет элдик номер менен жүргөн унааларды легалдаштыруу жүрүп жатат.Бул 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга кирген, документтери жок, бажыдан өтпөгөн унааларга тиешелүү. Легалдаштырылган унааларга 10-региондун номери берилет. Бирок сатууга, өлкөдөн чыгарууга жана такси катары колдонууга тыюу салынат.