«Чет жакка учууну пландап жаткан». Дубайда кыргызстандык дайынсыз болуп жатат

Дубай шаарында Кыргызстандын А.Б. аттуу жаранды дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Дубай шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу ыкчам түрдө Дубай шаарынын ыйгарым укуктуу органдарына дайынсыз жоголгон Кыргыз жараны А.Б.ны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жоголгон жарандын туугандарынан алынган акыркы маалымат боюнча, аталган жаран Дубай шаарынын аэропортунда болгон жана чет жакка учууну пландап жаткан. Буга байланыштуу Башкы консулдуктун кызматкерлери ыкчам тартипте аэропортко барган, бирок тилекке каршы жыйынтык болгон эмес. Ошол эле учурда, Башкы консулдуктун кызматкерлери Дубай шаарынын иммиграция бөлүмүнөн аталган жаран БАЭ аймагынан чыкпагандыгын аныкташкан.

Азыркы учурда, Башкы консулдук издөө боюнча иш-чараларды улантууда жана Дубай шаарынын ыйгарым укуктуу органдары, ошондой эле дайынсыз жоголгон жарандын туугандары менен байланышта турат.