Чет жакта каза тапкан Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүүнү мамлекет каржылайт

Президент Садыр Жапаров чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүү тартиби жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Чет мамлекетте каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү тартибин жөнгө салуу, ошондой эле каза болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жүргүзгөн туугандарына же адамдарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Өкмөткө сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө каза болгон жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүү тартибинин механизмдерин иштеп чыгуу;

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө каза болгон жарандарынын сөөгүн алып келген жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу менен аныктоо;

— Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле аларга бир жолку төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Тышкы иштер министрлигин жана анын чет өлкөлүк мекемелерин аныктоо;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү менен байланышкан чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлүк мекемелерине өз убагында бөлүүнү тапшыруу;

— Ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.