Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борборун түзүү чечими кабыл алынды. Аталган чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган.
Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу түзүм болуп саналат.