Чет өлкөгө чыгарда айып пул же карызыңыз чыгып калса, эми аэропорттон же чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктуларынан төлөсөңүз болот. Бул үчүн атайын терминалдар орнотулганын башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
Анын айтымында, айып пулду төлөгөндө акча дароо өтөрүн айтты. Ал чет өлкөгө чыгардан мурун карызы бар-жоктугун текшерип алуу ар бир адамдын милдети экенин эскертти.