Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр жокко чыгарылды

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр жокко чыгарылды.

Тышкы иштер министрлик чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандын аймагына аба жана жөө өтүү өткөрүү тилкелери аркылуу мыйзамда бекитилген тартипте өтүүгө мүмкүндүгүн маалымдады.

Андан сырткары, ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын же вакцикация жөнүндө сертификаттарды берүү тууралуу санитардык карантиндик ченемдер милдеттүү түрдө талап кылынбаганына көңүл бурабыз.