Чет өлкөнүн жарандары Кыргызстандан вакцина алса болобу?

Чет өлкөнүн жарандары Кыргызстандан вакцина алса болот. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, вакцина алууну каалаган чет өлкөлүк жарандын жанында паспорту болушу шарт. «Ооба, алса болот. Жанына паспортун ала келиши керек«,- деди ал.