Чиновниктер кантип Токиого барып калышкан? Дастан Бекешев тизме президенттик администрация тарабынан түзүлгөнүн айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында чиновниктер Токиодогу Олимпиада оюндарына кантип барып калышканын айтып берди. 

Анын айтымында, Японияга барган чиновниктер үчүн бул жөн гана тур. «Кээ бирлери аларды ал жакка барууга уруксаат бергенине нааразы. Президенттик администрация тизмени түздү. Эмнени ойлонобуз? Ал жакка администрация өзү баргандыктан, тизмени алар өздөрү түзүшкөн дегенди билдирет. Мындай учурда кимге ыраазычылык билдирүүнү өзүңөр билесиңер”, — деди Дастан Бекешев.