«Чиновниктер «тил эмизип» келишет». Ноокаттагы авариялык абалдагы мектептин сүрөттөрү жарыяланды (сүрөт)

Журналист Канышай Мамыркулова Ноокат районуна барып, Алымкул Үсөнбаев атындагы авариялык мектептин абалы менен таанышканы тууралуу соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Ноокаттын Арал айылындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектеби. Бул бүгүнкү күн. Сиз менен биз ары жагы Американы, бери жагы Асман шаар менен Ак үйдү кеп кылган күндөр. Мектеп менен таанышып, “такалуудан тай калбай” мурунку чакырылыштын 17 депутаты келип кетишиптир. Андан башка чиновниктер жыл сайын келип, долбоору, сметасы, айтор, баары даяр экен… ӨКМ 2014-жылы авариялык абалда деп корутунду чыгарган. Мектеп 1965-жылы курулган. Чиновниктер жылда “тил эмизип” келе беришип, айылдыктар ишенбей калышыптыр, уят да», — деп билдирүү калтырган ал.