28-июнда өткөн «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалында 230дан ашык шырдак кароо-сынакка коюлуп, мыкты деп табылган уздардын эмгектерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
«Мурас шырдагы» номинациясы боюнча баш байге Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калыковага ыйгарылды. Ал кайын энеси 1933-жылы жасаган шырдакты 90 жылдан бери сактагандыгы үчүн 30 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми «Инновациялык шырдак» номинациясына Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Нурай Эсенканованын чакмак шырдагы татыктуу деп табылып, 40 миң сом ыйгарылды. «Мыкты шырдак» деп Кочкор районунан келген уз Сайкал Ниязованын шырдагы бааланып, 50 миң сом байге алды. Мындан тышкары «Мыкты ала кийиз» номинациясында Талас облусунан келген уз Кымбат Байматованын кол эмгеги жеңүүчү деп табылып 12 миң сом байге берилди. Тандалган эмгектер өлкөнүн музейлерине коюлмакчы. Ошондой эле ондон ашык кол өнөрчүлөргө 1000 сомдон 10 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Фестивалдын жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, бул каражатты Маданият министрлиги каржылады. Мындан сырткары Соода-өнөр-жай палатасы 40 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.