«Чочуган абалда болгон». Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы жигит табылды

10-майда ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абаддын Жаңы-Базар айылында 18 жаштагы жигит дайынсыз болуп изделип жатканын билдиришкен. 11-майда ӨКМден жигит табыла электигин, издөө иштери жүрүп жатканын айтышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБге кайрылып, жигиттин эшикке чыккан бойдон кайрылып барбаганы маалым болгон. Жигитти апасы «мал тейлейли» деп издеп, таппай калганы айтылган.

Бүгүн, 13-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жигиттин үйүнө барганы маалым болду. Маалыматты облустук милиция тактады. «Дайынсыз болуп жаткан жигит кечээ кечинде үйүнө барыптыр. Көргөндөр катуу чочуп калган абалда дешти, молдолорго окутуп, дем салдырып жатыптыр. Милиция эми сурак жүргүзөт. Алдын ала маалыматтар боюнча ал ошол тоолордо эле жүргөн», — дешти милициядан.