«Чогулгандар тарашты». Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирди

Буга чейин соцтармакта кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылында адамдар чогулуп жатканы тартылган видео тараган. Окуя боюнча УКМКнын Чек ара кызматынан маалымат таратып, чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар убактылуу токтогондугун билдиришти.

«Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жерлигинде кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзүп башташкан. Максат айылынын жанында иш жүрүп жаткан учурда Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан. Мындан тышкары, Тажик жарандары өздөрү чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдык иштерин башташты. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, анда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү маселеси макулдашылды. Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрү тараптардын жергиликтүү бийликтери менен макулдашуу боюнча чек аранын бул тилкесиндеги баардык иштерди токтотууга макулдашышты. Чогулган жарандар таркап кетишти. Абал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.