«Чогуу белгилейт окшойбуз». Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Сурабалдиеваны туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн маалыматы угулуп жатат. Тыныгуу жарыяланганга чейин Акылбек Жапаров депутат Эльвира Сурабалдиеваны туулган күнү менен куттуктады.

«5 жыл депутат болуп, туулган күнүңүздү чогуу белгилечү элек. Бүгүн дагы чогуу белгилейт окшойбуз»,- деген төраганын сөзүнө залдагылардын баары кол чапты.

Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында туулган.