Чолпон-Ата шаарына жаңы мэр дайындалды

Жапарбек Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кол койду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.

Ал эми буга чейнин мэр болуп келген Бердибек Иманбеков кызматынан бошотулду.

Жапарбек Ормонов 1973-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган.