Чолпон-Ата шаарында кыяндын кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат

Бүгүн, 21-сентябрда ӨКМдин Ысык-Көл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматынын кызматкерлери менен бирге Чолпон-Ата шаарында кыяндын кесепеттерин жоюу иштерин улантышты.

Кечээ, 20-сентябрда нөшөрлөгөн катуу жамгырдан кийин кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган. Учурда сел сууларды тазалоо максатында жалпысынан 85 адам тартылды. Чоң көлөмдөгү оор жумуштарды аткарууга 8 техника жана 1 мотопомпа жеринде иштеп жатат.