Чолпон-Ата шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Чолпон-Ата шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу журналисттерге шаардын мэри Данияр Сатаров билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими кечинде алынышы мүмкүн. «Селдин кесепеттерин жоюу жана туристтер үчүн шарттарды түзүү иштери жүрүп жатат», — деди Данияр Сатаров.

11-августта Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде сел жүргөн. Чолпон-Ата шаарындагы Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү жана Бостери айылдарында 17 үйдү суу каптаган. Мындан тышкары «Кооператив куруучу» эс алуу шаарчасына баруучу көпүрө бузулган.