Чолпон-Атада 2 адамдын өмүрүн алган эс алуу. Суудагы кырсыктын жаңы жагдайлары

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Чолпон-Атада эки адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришти.

«23-июль күнү Ысык-Көл РИИБге Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн 3 адам денесинен оор жаракаттарды алып ооруканага түшүп, бирөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп, экөөсү жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткырылганы боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү Ысык-Көл РИИБге катталып, аталган аймактык ооруканага ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунганы белгилүү болгон. Кесепетинен үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда тийиштүү соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда»,— деп айтылат маалыматта.