Чолпон-Атада 34 жыл мурда курулган жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты жаңыланды

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты.

Ал Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасынын жаңыланган жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылыш салтанатына катышты. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1986-жылы курулган. Республикалык бюджеттен мекемени оңдоо үчүн 22 миллион сом бөлүнгөн.

Вице-премьер Кара-Ой айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы мекемесинин ачылыш салтанатына катышып, «Алтын Балалык» балдардын ден-соолугун чыңдоочу борборуна барды, анда жайкысын коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн медициналык көмөк көрсөтүүчү күндүзгү стационар иш алып барган.