“Ийгиликтин башаты ынтымак жана биримдикте“. ИИМ кызматкерлеринин арасында чемпиондук өттү

31-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында ийгилик жараткан кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

24-28-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүнүн арасында милициянын прапорщиги Бакытбек Абдыраевдин жаркын элесине арналган «Күчтүк үч-түрдүүлүк» (таяк тартыш, таш көтөрүү, аркан тартыш) чемпионаты өткөрүлүп, анда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын командасы мыкты спорттук чеберчиликтерин көрсөтүшүп, ийгилик жаратышты.

Спорттук иш-чарага катышып келген Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын курама командасы медалдар, ардак грамоталар жана алкыштар менен сыйланышты.

Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков сыйлык ээлерин куттуктап, “Бул жетишкендиктер бир сөз менен айтканда ийгилик болгону менен чындыгында анын артында чоң эрктүүлүк, кесипкөйлүк жана мекенчилдик жатат. Команданы мелдешке даярдоодо чоң салымын кошкон Ош шаарындагы «Самсон» залынын машыктыруучусу, спорттун «Армрестлинг» жана «Мас-рестлинг» түрү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Эльдияр Мамашовго терең ыраазычылык билдирем”деди.