Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайда каза болгон жигиттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Социалдык тармактарда маркумдун агасынын кайрылуусу жарыяланды. Анда ал иниси топ балдар тарабынан сабалып, 8 сааттан кийин каза болгонун айтып чыкты.
«15-августта менин иним кесиптештери менен Ысык-Көлгө эс алууга барган. Пансионатта иштегендер менен инимдин кесиптештеринин арасында мушташ чыгып кеткен. Кесепетинен инимдин башына катуу нерсе менен чаап жиберишкен. Ал таңга жуук каза болду. Менин инимди сактап калса болмок экен. Себеби, мушташ болгондон кийин таңга маалга чейин милиция кызматкерлери да, дарыгерлер да жардам көрсөтүшпөптүр»,- деди агасы.
Бул боюнча милиция маалымат таратып, 24 жаштагы жигиттин каза болгону тууралуу маалымат милицияга 16-август күнү саат 10:25 чамасында түшкөнүн билдиришти.
«Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 2011, 2008 жана 2006-жылы туулган жарандардын өздүгү аныкталып кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камакка алынган. Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда»,- деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл ОИИБ маалымат берип, мушташтан кийин жигит милицияга арыз жазуудан баш тартканын билдирди.
«Алган жараатын аныктоо максатында райондук ооруканага жеткирилген. Жардам көрсөтүлүп, жигит менен анын кесиптешти ооруканадан чыккан. Ал Чолпон-Ата шаарын билбей турганын айтып, эс алуучу жайга жеткирүүнү суранган»,- деп айтылат маалыматта.