Чолпон-Атада тоого чыккан бойдон байланышка чыкпаган 4 өспүрүм аман-эсен табылды

Кечээ, 8-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында тоого 4 өспүрүм чыгып, акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

11 жаштагы үч өспүрүм жана 16 жаштагы бир өспүрүмдү издөөдө аймакка жетүүгө кыйын болгондуктан, ИИМдин кызматкерлери көмөк көрсөтүү боюнча кайрылышкан. Издөө ишин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан Авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылган. Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 00:10до жогорудагы 4 өспүрүм аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүп берилди.