Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу жай 32 миллион долларга оңдолот

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ысык-Көл облусуна барган иш сапарында Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайлардын абалы менен таанышты. Бүгүнкү күндө шаар саркынды сууларды тазалоочу тутум менен болгону 40 пайызга камсыздалган. Жайкы туристтик сезондо Чолпон-Атага 200 миңдей адам келет.

Белгиленгендей, Ысык-Көл районунда жаңы тазалоочу жайларды куруу жана тийиштүү жабдууларды алмаштыруу маселеси курч турат. Аталган маселе аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздоо жана Ысык-Көл биосфералык аймагын сактоо үчүн өзгөчө маанилүү.

«Каракол жана Балыкчы шаарларында тазалоочу жайларды реабилитациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Өз кезегинде Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайларды реабилитациялоо боюнча долбоор үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында жактырылган.  Долбордун наркы 32,4 миллион долларды түзөт, анын 13,5 миллион доллары – гранттык каражаттар, 13,5 миллион доллары – кредиттик каражаттар жана 5,4 миллион доллары – бюджеттин каражаты. Долбоор жакынкы арада ишке ашырылат. Чолпон-Ата мэриясына долбоорду ишке киргизүүнү тездетүү үчүн 2021-жылдын апрель айына чейин бардык зарыл болгон  эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырылган», — деди Артем Новиков.