Чолпон-Атадагы сел. «Үйүбүз качан урап калат деп коркуп жатабыз» дейт тургун

Кечээ, 20-сентябрда Чолпон-Ата шаарында мөндүр аралаш жаан жаап, сел жүргөн. ӨКМден кырсык боюнча маалымат беришти. «Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган. Жерине куткаруучулар, техника тартылган», — дешкен.

Бүгүн, 21-сентябрда селден үйү жабыркаган Гүлнура Жеңиш кызы кайрылып, Чолпон-Атадагы үй селден урайын деп калганын айтып, кабатыр болуп жатканын билдирди. «Чолпон-Атада апам келини жана 4 небереси менен жашайт. Уулу миграцияда. Балдарын багам деп иштеп жүрөт. Кечээ жүргөн сел суулары эски үйүбүздүн жер төлөсүнүн полуна чейин толуп калыптыр. Азыр үй ным тартып жатат. Качан урап калат деп коркуп жатабыз. Сууну ошол эле күнү чакалап ташышыптыр. Үйүбүздүн абалы эски эле, эми сел суулары да толуп калды», — деди ал.