Чолпон-Атанын борбордук көчөсү июль айына чейин асфальтталат

«Ысык-Көл жергесине жасаган иш сапарымдын алкагында Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолуна барып, Чолпон-Ата тилкесин (шаардын борбордук көчөсүн) оңдоо боюнча жыйын өткөрдүм». Бул тууралуу Транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазды.
«Подряддык компаниянын, мэриянын жана бул жааттка тиешеси бар өкүлдөрдүн маалыматын угуп, асфальт басуу алдында жасалчу (канализация, суу түтүктөрү жана башка) жумуштарды бүтүрүү менен жакынкы күндөрү жол иштерин баштап, июль айына чейин асфальт төшөөнү аяктоону тапшырдым (жалпы 3 чакырым 800 метр жол оңдолот). Президенттин колдоосу менен жер алдындагы жумуштарга каражат чечилгенин белгилеп, алдыда иш ыргагын ыкчамдатуу менен жергиликтүү калктын жана чет элдик коноктордун ыңгайлуулугу үчүн туристтик мезгилге чейин бүтүрүү милдети турарын билдирдим», — деп жазылат постто.

Министрдин айтымында, Чолпон-Ата — Корумду — Балбай унаа жолунда жүрүп жаткан иштерден кабар алып, тиешелүү тапшырмаларды берген.