Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90 пайызы алынды

Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы пляждардагы тосмолор алынууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүгүнөн маалымдашты.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон. Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.