Чолпонбек Абыкеев менен Жаныш Кулмамбетовго «Эл жазуучусу» наамы ыйгарылды

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бир катар маданият ишмерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

«Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» ардак наамы эки адамга ыйгарылды. Алар жазуучу, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев жана драматург, театр сынчысы, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин президенти Жаныш Кулмамбетов.