Чоң-Ак-Суу ашуусунда жоголгон туристтер табылды

3-августта Чоң-Кемин районунун Кайыңды айылынан Чоң-Кемин капчыгайы аркылуу Ысык-Көл районундагы Григорьевка капчыгайына Чоң-Ак-Суу ашуусу аркылуу өтүп жатышып, Австрия мамлекетинин 3 жараны белгиленген маршруттан арта калып, адашып кетишкен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал эми Германиянын 2, Австрия мамлекетинин 1 жараны 4-августта Чоң-Ак-Суу капчыгайынан жергиликтүү тургундардын унаасы менен Григорьевка айылына түшүшкөн. Алар баштарынан өткөн кырдаал боюнча «112» кызматына кайрылышкан.

5-августта Чон-Ак-Суу ашуусунун этегине чейин издѳѳ иштерин улантып, саат 14:20 чамаларында жоголгон туристерди Жайылма коктусунун этегинен таап, аттар менен жүктѳрүн жана ѳзүлѳрүн алып түшүп, Австрия мамлекетинин консулу менен байланыштырып, туристтердин амандыгын билдиришкен.