Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кыйноого туш болдук дегендер тууралуу милиция үн катты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордон Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайында адам өлтүрүүгө шектелген жарандар кыйноого туш болуп жатканын айтып чыгышты.

Ош ОИИБ маалымат таратып, Чоң-Алайдагы киши ѳлтүрүүгѳ шектүүлѳрдүн милиция тарабынан кыйноого алды деген дооматтары чындыкка дал келберин билдирди. 30-ноябрь күнү шектүүлѳр 50 жана 58 жаштагы жарандарга карата Жазык кодексинин 130-беренесинин 2,4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен айыптоо актысы бекитилип, козголгон кылмыш ишин кароо үчүн сотко жиберилген. Бүгүнкү күндѳ аталган кылмыш иши сотто каралууда. 21-декабрь күнү алардын Ош шаардык жана Ош облустук кыйноолордун алдын алуу борборуна жазган арыздары Чоң-Алай райондук прокуратурасына жиберилип, учурда прокуратура тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, тергѳѳгѳ чейинки текшерүү иштери жүрүүдѳ.

«Арызда кѳрсѳтүлгѳн кыйноолор Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан болгон эмес. Кылмышка шектүүлѳр мурунку соттук отурумдарда кыйноолор боюнча эч кандай кѳрсѳтмѳ берген эмес, соттук отурумдарда аларга карата мыйзам чегинде катуу жаза кѳрүлѳ тургандыгы белгилүү болгондон соң, акыркы сот отурумунда кыйноолор болгондугу боюнча кѳрсѳтмѳ бергендиги кылмышка шектүүлѳрдүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында жасалып жаткан аракети катары кабыл алабыз. 18-октябрь күнү Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизүү алдында шектүүлѳр ден соолугунун абалын тактоо боюнча атайын медициналык кароодон ѳткѳрүлүп, дарыгер алардын денелеринде жаракаты жок экендиги боюнча 18-октябрь күнү 103 жана 104 сандуу медициналык протоколунда кѳрсѳтүлгѳн. 11-ноябрь күнү Ош шаарындагы №25 Тергөө абагына жеткирилип, ал жерден тинтүү жүргүзүүдѳ нааразычылыктар болгон эмес деп кѳрсѳтүлгѳн», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү 50 жана 58 жаштагы жарандар 13-ноябрда Кызыл-Суу дарыясынын боюнда жабырлануучу 54 жаштагы жаранды кармап алып уруп, тепкилеп кыймылсыз жатып калганда кылмыштарын жаап жашыруу максатында маркумдун денесин экѳѳлѳп кѳтѳрүп сууга ыргытып жибергендиги боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 2,4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.