Чоң-Алайда ата-энесинен ажыраган бала жер тилкеге ээ болду

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жашоочусу — турак-жайы жок жашы жете элек жетим бала 0,15 гектар аянтындагы жер тилкеси ажыратылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну томолой жетим бала турак-жайы менен кезексиз түрдө камсыз болбой, мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталган. Мыйзамдарга ылайык, ата-энесинен ажыраган, ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак-жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Чоң-Алай райондук прокуратурасы тарабынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына ченемдик укуктук актыларынын бузулуусун четтетүү жөнүндө сунуш келтирилген. Аны аткаруунун жыйынтыгында, аталган айыл өкмөттүн токтому менен турак-жай куруу үчүн жашы жете элек жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди.