Жергиликтүү тургундар: «Чоң-Алайда эвакуация болгондорго убактылуу жашоочу жайлар жетиштүү»

Бүгүн, 5-июнга карата Чоң-Алай районунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жергиликтүү тургундар билдирди.

Кечээ, 4-июнда чек арага жакын жайгашкан беш айыл эвакуация кылына баштаган. Учурда көчүрүлгөн тургундар райондун борборуна, башка айылдарга жана Ош шаарына кетип жатышат.

Ал эми райондогу эл өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, мектеп, мечит жана спорттук залдарга убактылуу баш калкалоого шарттар түзүлгөн. Азырынча чек арадагы айылдардан келген тургундар туугандарынын үйүнө же айрымдары үйү барлар Ош шаарына кетип жатышканын айтышты. Ошондой эле азыр жашоо үчүн жайлар толук жетиштүү экендигин билдиришти.