Чоң-Алайда абал тынч эмеспи? Чек ара кызматынын жообу

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Чоң-Алайда абал тынч эместигин, кыргыз-тажик чек арасында тажик тарап окоп казып жатканын айтып чыкты.

Депутаттын билдирүүсүнө УКМКнын Чек ара кызматы жооп кайтарды. Кызматтын берген маалыматына караганда, Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

«Республиканын Чек ара башкармалыгы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө, анын ичинде чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын ишин активдештирүү, мамлекеттик чек арада окуялардын жана алардын деэскалациясынын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Мындан тышкары, чек ара аймактарындагы кырдаалга мониторинг жана талдоо жүргүзүлүп, бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү механизми тынымсыз иштелип жатат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы мамлекеттик чек арадагы кырдаалдын курчушуна ыкчам жана адекваттуу жооп кайтаруу үчүн жетиштүү күчтөргө жана каражаттарга ээ», — деп айтылат маалыматта.