«Чоң-Ашууда жол убактылуу жабылды». 3-майга карата ашуулардагы абал

Чоң-Ашууда жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирип, ашуулардагы абал боюнча маалымат берди.

«Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда 30-50 сантиметр кар жаап, бороон болуп, азыркы тапта жол убактылуу жабык. Бороон басылар менен №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдун 74-85-чакырым аралыгын кардан тазалоо иштерине киришет. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда бороон болуп жатат. Азыркы тапта каттам бар. Жолдун 120-135-чакырым аралыгы кардан тазаланып, кеңейтүү иштери жүрүүдө. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 430-537-чакырым аралыгында бороон болуп жатат. Жолчулар 30-40 сантиметр жааган карды тазалап жатышат. Каттам бар. Ат-Башы — Кында — Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусунда учурда кар жаап жатат, кардын калыңдыгы 40 сантиметрге чейин жетет. Жолдор ачык, каттам бар. Өлкөнүн башка жолдору менен ашууларында жол ачык», — дешти.