Чоң-Чычкан суусунун боюндагы токойго 20 кыргоол жаратылышка коё берилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас облусунун Манас районунан алынып келинген Семиреченский түрүнө кирген кыргоолдор Чоң-Чычкан суусунун боюндагы токойго коё берилген.