Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Свердлов районундагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жансыз денесин чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.