Чоң Чүй каналына 3 адам чөгүп кетти

Бишкекте 3 адам Чоң Чүй каналына агып кеткен. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга чакыруу 30-декабрь күнү саат 09:02де түшкөн. Анда Ауэзов көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналына эки эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат берилген.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам топ барып, үч эркек киши чөгүп кеткендиги, алардын 37, 59 жана 62 жаштагы экени аныкталган. ӨКМ аларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жергиликтүү ЖМКлар чөгүп кеткендер «Тазалыктын» кызматкерлери экенин жазып жатышат. Бул маалыматты милиция маалыматты тастыктай элек.