Бүгүн, 30-декабрда Свердлов районундагы Аламедин-1 кичи районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 адамдын биринин сөөгү куткаруучулар тарабынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Аларды издеп-куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан куткаруучулар тобу тартылып, активдүү улантууда. Учурда бир жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди. Калган 2 адамдын сөөгү ИИМ кызматкерлеринин жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча жеринде изделип жатат.