Чоң Чүй каналына эркек киши чөгүп кетти. Аты-жөнү такталып жатат

Осмонкул көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге каналдан жансыз дене агып бара жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жеткенге чейин ИИМдин кызматкерлери адамдын жансыз денесин чыгарып алышкан.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.