Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 35 жаштагы кишинин сөөгү 2 жумадан кийин табылды

10-октябрь күнү Валиханов көчөсүндө каналга түшүп кеткен 1986-жылы туулган эркек  кишинин жансыз денеси кечээ табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Кечээ, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында ӨКМге Исанов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, суудан эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.  Жогоруда аталган жарандын жансыз денеси туугандары тарабынан тастыкталды», — деп айтылат маалыматта.