Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жеңил унаа чыгарылды

Бүгүн, 21-августта түнкү саат 02:18 чамасында Бишкектеги Свердлов районунун Осмонкул көчөсү менен Чоң Чүй каналыны кесилишинде Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил унаа каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, суучулдар атайын жабдууларды колдонуп жана техниканын жардамы менен унааны чыгарып беришкен. Жабыркагандар катталган эмес.