Чоң Чүй каналынан 16 жаштагы өспүрүм изделип жатат

Кечээ, 21-июль күнү Шамшы айылындагы Чоң Чүй каналына 2006-жылы туулган өспүрүм түшүп кеткен. Бул туууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 8 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 22-июль күнү издөө улантылат.