Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, каналда болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат «102» кызматынан түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.