Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 3 жашар баланын атасы кайрылуу жасады

Ысык-Атанын Дружба айылынан аккан Чоң Чүй каналынан 3 жашар бөбөк изделип жатат. Буга чейин милиция маалымат берген.

«19-августта саат 18:46 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Дружба айылында 2021-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барбаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Ысык-Ата РИИБдин электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо жөнөп кеткен. Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен ага таандык бут кийим табылып, азыркы учурда ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте 3 жаштагы баланы издөө иштери жүрүүдө»,- дешкен.

Социалдык тармактарда атасымын деген кишинин кайрылуусу тарады. Ал уулу 19-августтан бери дайынсыз болуп жатканын айтып, издөө иштерине жардамдашып жаткан жарандарга ыраазычылык билдирди. Ал бүгүн, 24-августта да издөө иштери жүрөрүн, ыктыярчылар керек болуп жатканын айтты.